“Чек ара маселелерине каражат жок, бирок бажаларга табылат”. Айрым депутаттар Өкмөттүн отставкасын талап кылышты

286

Бүгүн парламенттин эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин депутаттары чек ара маселесине байланыштуу 2019-жылдын 3-апрелиндеги Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу Өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Анда депутаттар Абдувахап Нурбаев, Карамат Орозова жана Максат Сабиров Өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

«Чек ара маселесине каражат жок», деген премьер-министрдин жообуна депутат Каныбек Иманалиев нааразы болду. «Чек ара маселелерине каражат жок, бирок бажаларга табылат», — деди депутат Иманалиев.

«Бизди эл көп маяна аласыңар деп айыпташат. Премьердин бажасынын баласы 10 депутаттын эмгек акысын алат», — деген депутат кесиптештеринин Өкмөттүн отставкасы тууралуу талабын колдоду.

Ал эми комитет башчысы Исхак Пирматов Ак-Сай — Тамдык жолун куруп бүткөрүү зарылдыгын айтты.

Кийинчерээк Каныбек Иманалиев өкмөттүн курамын толугу менен отставкага кетирүү тууралуу сунуш берип, аны добушка коюуну суранды.

Сунуш добушка коюлуп, аны Абдувахап Нурбаев, Карамат Орозова жана Максат Сабиров колдошту.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь