Эки адамдын акча, алтындарын уурдаган жаран кармалды

269

19-май күнү Жалал-Абад ШИИБне эки жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 1985-жылы туулган Р.Н. 19-май күнү саат 14:00 чамаларда Жалал-Абад шаарынын Олег Кошевой кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүнѳн белгисиз кылмышкерлер тарабынан 12000 сом акчасын жана 59 500 сомдук алтын буюмдары уурдатканын айткан.

Натыйжада жабырлануучу 71500  сомдук зыян тарткан. Экинчи тургун 19-май күнү түш чендерде Жалал-Абад шаарынын Орозбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүнѳн 13 500 сомдук алтын буюмдары уурдалганын айтып кайрылган. Шектүү үйдѳ эч ким жоктугунан пайдаланып, терезе аркылуу үйдүн ичине кирип ѳзүнүн кѳздѳгѳн ишин аткарган.

Аталган эки факт ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБне катталган. Криминалдык милиция кызматынын тобу кылмышка буга шектүү катары мурда бир нече жолу уурулук кылмыш иштерин жасап, соттолуп чыккан жаранды кармашкан.

Ал Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну  М.А. экени такталып, кылган күнөөсүн мойнуна алган. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь