Японияда бир жаран аялдамада турган 19 адамды бычактап салды

341

Японияда 50 жаштагы жаран аялдамада турган 19 адамды бычактап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок ал өзүн да бычактап салгандыктан учурда абалы оор экени айтылууда.

“Кылмышка шектүү аялдамада коомдук транспорт күтүп турган 19 адамды эмне себептен бычактаганы белгисиз бойдон калууда. Бычакталгандардын арасынан 2 жабырлануучунун абалы өтө оор, анын бири – кичинекей бала. Окуя болгон жерден 2 бычак табылды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, – деп айтылат маалыматта

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь