Премьер-министр кызматка көрсөтүлүп жаткан “талапкерлерди биринчи жолу мен өзүм тандадым, жоопкерчилик менин мойнумда болот “,- деди Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.
Депутат Абдывахап Нурбаев ал эми иштен кеткен министрлер кимдин жоопкерчилигинде эле деген суроосуна өкмөт башчы : ” Аны өзүңүз билесиз да кимдин талапкери каяктан келгенин. Мурашев “Бир Бол” партиясынан келген. Панкратов чукул өкмөт учурунда дайындалган. Иштештик, кемчиликтери дагы, артыкчылыктары дагы болду. Бирок, бардык көйгөйлөрдү чече алышкан жок. Өздөрү түшүндү ошондуктан кетишти“, – деп жооп берди.