Айыл чарба министрине талапкер Чодуев учурда 3-курстун студенти

86

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев учуруда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде 3-курста окуйт.

Бул тууралуу депутат Абдыбек Дюшалиев  өкмөт башчыга кайрылып жатып билдирип өттү.

Адис эмес министрди алып келип атасыз. Бул адам инженер-куруучу,талабы башка. Бирок азыр окуп атыптыр 3-курста дейт. Мен ойлойм 5-6 жылдан бери иштеп жүрүп министрге жардам бере албаган адам, эртең сизге жардам бере алабы? Ушуну ойлондуңузбу? “,- деген суроо салды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Чодуев жөнөкөй студент эмес, аспирантурада окуп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, ал кеткен министрлердин кемчилигин эске алып туура иштейт деген ишенимин билдирди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь