Акнеттин негиз кызматкерлерине коркутуулар болуп жатабы?

234

“Акнет” компаниясынын кызматкерлерине “жумушка чыксаңар кармап кетишет”деген коркутуулар болууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында аталган компаниянын жактоочусу Азамат Асанбеков билдирди.

“Акнет” компаниясынын жетекчиси камакка алынгандан бери кызматкерлерге жумушка чыкпагыла деген билдирүүлөр болуп жатыптыр. “Акнеттин” 100 миңге жакын абоненти бар. Эгер кызматкерлер жумушка чыкпаса, иш токтоп калары анык. Ар кандай чагымчылдык аракеттердин алдын алуу максатында маалымат жыйын өткөрүүнү туура көрдүк”, – деди жактоочу.

Ошондой эле, бүгүн «Акнет» ишканасына компания негиздөөчүлөрдүн бири Руслан Абдумажитовду жана Аскар Кутановдун жактоочусун ишканага киргизбей коюшту. Алар барган учурда аталган ишкананын кире беришине “Туштөнүү” деп жазып илип коюшкан. Бирок,  буга чейин  24 саат тынымсыз иш жүргүзүп келген.

Журналисттер жана негиздөөчү  Руслан Абдумажитов эшикте күтүп турганда бир сааттан кийин ачылылды. Бирок, ичиндеги кардарларды тейлеген кызматтары иштерин токтотуп, эшиктери бекитип коюшкон.

Эске салсак, кече “Акнеттин” президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь