“Мурас” ансамблдик тобу Чемпиондор Лигасынын гимнин кыргыз музыкалык аспаптарында ойношту. Өнөрпоздордун видеосу Айсана Оморованын Youtube каналына жарыяланды. Гимн комуз, ооз комуз, скрипка, домбуранын коштоосунда жаңырды.
Эске салсак, 1-июнь күнү Чемпиондор лигасынын финалында “Ливерпуль” жана “Тоттэнхем” командалары Мадрид шаарында беттешет.