Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан тааныштырылган министрлердин жана жетекчилердин талапкерлигин колдоп берди.
- Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматына Самат Кылжыевге макул 102 добуш, каршы жок;
- Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовго макул 106 добуш, каршы жок;
- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевге макул 101 добуш, каршы жок;
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрага кызматына Дастан Догоевге макул 105 добуш, каршы жок.
Мухаммедкалый Абылгазиев колдоо тапкан кесиптештери жана өзүнүн атынан депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.
“Сиздер эл алдында уят болбогондой, болгон тажрыйбабысты, күчүбүздү колдонуп иштейбиз! Ишеничти актаганга аракет кылабыз.”