Жумушта олтурганда жылуу кийимин ар дайым кеңседе кармаган кесиптеш кыз-келиндер баарыңардын эле мисалыңарда болсо керек. Айталы, суук мезгилде кеңсенин муздак экенине даттанып, тескерисинче ысыкта кондиционер иштеп жатканына күңкүлдөп нааразы болгон кыз-келиндер турмушуңузда көп эле кезигет. Көрсө, мунун жөнү бар тура.
Америкалык эмгекти коргоо башкармалыгы жумуш берүүчүлөргө кеңселердеги температура Цельсия боюнча 20° жана 24,5° ортосунда болушу керек деп кеңеш берет.
Бирок 2015-жылдагы Nature журналына жарыяланган изилдөө көрсөткөндөй, бул “ыңгайлуу температура” боюнча кеңеш 1960-жылдардагы материалдарга негизделген.
Жакында эле окумуштуулар жумуш ордундагы температура өндүрүшкө олуттуу таасирин тийгизе турганын аныкташты. Мындай өзгөчө аялдарда байкалат.
Түштүк Калифорния университетинин жана Берлиндеги социалдык илимдер борборунун окумуштуулары 542 студент катышкан изилдөө өткөрдү. Студенттерге атайын тесттерди берип, аудиториядагы температураны 16°C тан 32°C ка чейин өзгөртүп турушкан.
Жыйынтыгында аялдар менен эркектер температуранын өзгөрүшүнө эки башка реакция кыла турганы белгилүү болду.
“Температура жогору көтөрүлгөндө кыздар математикадан жана тамгалардан сөз куроо боюнча тестти мыкты аткарышты. Эркек балдар тескерисинче, ыкшоолонуп калышты”,-дейт Түштүк Калифорния университетинин окумуштуусу Том Чанг.
Жөнөкөй түшүндүргөндө, бөлмө жылуу болгон аялдар тапшырманы жакшы аткарышат. Ошондуктан окумуштуулар аялдар менен эркектер аралашып иштеген жумуш орундарында температуранын кандай болушун сөзсүз эсепке алышы керек дейт.
“Буга чейинки бир нече изилдөөлөр аялдар эркектерге караганда бир кыйла ысык температураны көбүрөөк жакшы көргөнүн көрсөткөн. Бирок температуранын ишмердүүлүккө таасир этерин эч ким элес алчу эмес. Биз температура – комфорттун гана маселеси эмес экенин түшүндүрдүк”,-дейт Берлиндеги социалдык илимдер борборунун окумуштуусу Агне Каяцкайте.
Изилдөөчүлөр жумуш берүүчүлөргө кайрылып, “кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгү кызыктырса, анда имараттын ичиндеги температурага көңүл бурулушу зарыл” деп кеңеш берди.
Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы