Нарын областында өзүнүн таанышын өлтүрүп жана зордуктаганы үчүн кылмышкер 20 жылга эркинен ажыратылды.

Аты өзгөртүлөн Канат Нурбек менен автобекеттен таанышкан. Ал дүкөнгө кирип бир бөтөлкө арак алып  Нурбекти үйүнө чакырган. Экөө спирттик ичимдикти ичкен соң, сөздөн-сөз чыгып уруша кетишкен. Канат Нурбекти башка жана көзгө ургулап, ал жерге кулап түшкөндө буту менен тепкилеген. Андан соң Нурбектин денесин башка бөлмөгө алып кирип аны зордуктаган. Нурбек катуу жараат алгандыктан ошол жерден жан берген.

Райондук сот Канатты 20 жылга эркинен ажыратып, айыпкер бул чечимге макул болгон жок. Анын айтымында, үйдө экөөнөн башка дагы бир киши болгон. Анын дагы катыштыгы бар дейт. Нурбек менен мушташа кеткендиги чын бирок , аны катуу сабап өлтүргөндүгүн жана зордуктагандыгын мойнуна алган эмес.

Соттук коллегия бардык материалдарды карап Канаттын арыздануусун канааттандырган жок.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: