Нарын областынын Ат-Башы районунда 25 жаштагы жигит 36 жаштагы аялды үйгө алып барып сабап, андан соң зордуктаган.
Кечээ 28-майда милиция кызматына жаран кайрылып, анын 1983-жылы туулган эжесин бейтааныш адам сабап, өзү менен кошо алып кеткендигин билдирген.
Бул боюнча райондук милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, бүгүн 1994-жылы туулган Ат-Башы айылынын тургунун кармады. Ал аялга зордук-зомбулук көрсөтүп жаткан.
Аялдын ден-соолугуна коркунуч келтирилгени жана зордукталаганы аныкталды. Окуя боюнча азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.