Новопавловкада чыр чыккан лицейдин директору иштен кетти

85

Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин директору Диляра Абдуллаева кызматтан алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Мектепте текшерүү бүткөнгө чейин Абдуллаева убактылуу кызматынан четтетилген. Прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, мектепте мыйзам бузуулар табылган. Тийиштүү материалдар Финансы полициясына жиберилди.

Мектепке жаңы директор болуп Самаркүл Умралиева дайындалды. Ал буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгында эмгектеген.

Эске салсак, ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларына жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалымат ала албаганына нааразы болуп келишет.

Алар чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканы тууралуу отчет берип, мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь