Нурбек Алимбеков комитет төрагасы болуп шайланды (сүрөт)

128

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган комитет төрагалыгына “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан депутат Нурбек Алимбеков сунушталган.

Добуш берүүнүнү жыйынтыгында Нурбек Алимбеков Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына 95 добуш менен шайланып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Буга чейин аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаровболчу. Ал “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчиси болуп кеткендиктен, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь