Паспорт чыры боюнча сотто Германиялык компания утту

200

Бүгүн Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда Passport`тун бланктарын жасоо боюнча иш каралды. Сот тендерде утулган германиялык компаниянын пайдасына чечим чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Мамкаттоо кызматынын тендердик комиссиясынын жана мекемелер аралык көз карандысыз комиссиянын чечимдери жараксыз деп табылды. Мындан тышкары Мамкаттоо кызматы жана Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Muhlbauer компаниясын 2 миң сом төлөөгө милдеттендирди.

Бул сотко Германиянын  “Muhlbauer ID Services GmbH” компаниясы кайрылып, Мамлекеттик каттоо кызматынын тендердик комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Тендерди Литванын “Гарсу пасаулис” компаниясы уткан болчу.

Эске салсак, 2018-жылы күзүндө Мамлекеттик каттоо кызматы бланктарды сатып алуу үчүн тендер жарыялап, 1 миллиард 2 миллион сом сунуштаган. Бланктарды эң арзан баада сатарын (686 миллион 772 миң 250 сом) “Muhlbauer ID Services GmbH” компаниясы билдирген. Бирок бааны 940 миллион 150 миң сом деп көрсөткөн “Гарсу пасаулис” тендердин жеңүүчүсү болуп чыккан. Буга германиялык компания нааразы болуп, сотко кайрылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь