Сүйгөн кызын кызганып, окуучуларды тизип алып урган жигит кармалды

250

Социалдык тармактарда белгисиз жигиттин катар тизилген окуучуларды четинен уруп жатканы тууралуу видео тараган.

Маалыматка ылайык, окуя Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында болгон. Андагы балдар Адиш Тагаев атындагы орто мектептин окуучулары экендиги аныкталды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тыныч Усеновдун айтымында, окуя мектепте болгон эмес.

«27-май күнү 9-11-класстын окуучулары саат 11:00гө чейинки консультацияга катышкан. Окуя саат 13:00 чамасында мектепте эмес, пансионатта болуптур. Мен кабарды угарым менен милицияга маалымдагам. Бул окуя боюнча окуучулардын баары Арсланбаптагы милициянын аймактык бөлүмүнө чакыртылган. Окуя кандай болгону эми такталат», – деди Тыныч Усенов.

تم النشر بواسطة ‏‎Санжар Калматай‎‏ في الثلاثاء، ٢٨ مايو ٢٠١٩

Ал эми ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар 9-класстын окуучулары болгон.

«Окуя боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуя 28-майда пансионатта болгон. Окуучуларды урган 2001-жылы туулган жигит милицияга келип көрсөтмө берди. Ал мектепте окубайт экен. Ал окуучу балдарды ал жактырган кыз менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн жана аларды тарбиялап коюу үчүн урганын билдирди. Учурда баары сурак берип жатышат. Бирок бир дагы окуучу арыз жазган жок», – деп айтылат маалыматта.

Булак: turmush.kg.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь