Тегерандын мурдагы мэри аялын өлтүргөндүгүн мойнуна алды

237

Тегерандын мурдагы мэри жана президенттин кеңешчиси Мухаммед Али Нажафи үй-бүлөлүк чырга байланыштуу аялын өлтүргөнүн мойнуна алып, полицияга багынып берди. Бул тууралуу Тегерандын прокурору 28-майда билдирген.

Бир канча жерине ок тийип каза тапкан Митра Остаддын сөөгү 28-майда Тегерандын түндүк-батышындагы Саадат-Абад районундагы үйүнөн табылган.

Остад мурдагы мэр Мухаммед Али Нажафинин экинчи аялы болгон. Реформатор мэр катары айтылып жүргөн Мухаммед Али Нажафи былтыр жаш кыздар бийлеген иш-чарага катышканы үчүн сынга кабылгандан кийин кызматтан кеткен. Бирок ал кызматтан кетүү жөнүндө арызында өз чечимин ден соолугуна байланыштырган.

Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь