ФОТОРЕПОРТАЖ: Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Казакстанда болду

411

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-29-майында эки күндүк иш сапары менен Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болду.

28-майда Мамлекет башчысы Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана  тунгуч Президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулашты.

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековду «Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев» Ордени менен сыйлады.

29-майда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) чакан жана кеңири курамындагы мааракелик жыйынына катышты.

Жыйындын жыйынтыгында эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү бир катар документтерге кол коюлду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь