Өзбекстан Volkswagen автоунаасын чыгара баштайт

350

Өзбекстан Volkswagen үлгүсүндөгү унаа чыгара баштайт.  Унаа чыгаруу келишимине Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 28-майда кол коюшкан.

Мындан тышкары тараптар маалымат коосуздугун сактоо жана алмашуу, күнөскана газын бөлүп чыгарууну азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Эки өлкөнүн товар алмашуусу бир жылдын ичинде 25 пайызга өскөн. Тактап айтканда, 770 миллион долларды түзгөн.

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапары менен Өзбекстанга 27-майда келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь