Өкмөт абитуриенттерге гранттык орундарды бөлүштүрдү. Суроо-талап жогору 10 адистик кайсылар?

211

Эмгек рыногунда артыкчылыктуу жана суроо-талап жогору адистиктер катары бул мезгилде өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактары болот.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды.

Бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке төмөнкүлөр кирет: маалыматтык коопсуздук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, технологиялык машиналар жана жабдуулар, медицина, менеджмент жана маркетинг, агрардык инженерия, курулуш, билим берүү.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, 2018-жылы кабыл алуу компаниясынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер төмөнкү адистиктерге жана багыттарга гранттык окутуу боюнча даярдоого кабыл алынган: программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика (англис тили), психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык-алдын алуу иши, малдан алынган азыктар технологиясы жана өндүрүшү.

Жыл сайын Өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет.

Өткөн жылы гранттык орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: компьютердик технология адистиктери – 485, өнөр жай – 425, айыл чарба – 415, саламаттык сактоо – 405, педагогика – 375, курулуш – 260, тоо-кен иштетүү өнөр жайы – 215, гуманитардык адистиктер – 115, башкаруу – 95, транспорт – 90.

Ошону менен бирге кесиптер дүйнөсүндө суроо-талап эң жогору жана кеңири жайылган адистиктер булар: IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог кесиптери.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь