Азамат Сулайманов:Кыргызстандан чыгарылып кетти делген ири суммадагы акча каражаты – бул кытай ишкерлердин товарларынын акчасы

689

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Азамат Сулайманов Бажы тармагында 25 жыл иштеп, бул системаны ичинен абдан жакшы билээрин айтты. Ал белгилегендей, “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылып кетти делген ири суммадагы акча каражаты тууралуу иликтөөнү көргөндө дароо кайсы акчалар жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнгөн.

Маалымат бир тараптуу болбой, коомчулукка эки тарабы тең жетиши керек деген Азамат Сулайманов бул акчалар кытай ишкерлердин Кыргызстанга жиберген товарларынын акчасы экенин белгиледи.

Бул айлантылган акча каражаттарынын бир гана бөлүгү, анткени Кытай менен товар айлантуу 2 млрд доллардан ашты расмий түрдө. Акча Россия, Өзбекстан, Казакстан тарапка, ишкерлер кайсы өлкө жакка соода-сатык жүргүзсө, ошол тараптарга которулуп кетет. Бул рыноктук мамиле жана жашыруун эч нерсеси жок. Бул жакта суроо туулуп атат, эмне себептен которулган акчалар бир гана адамдын аты аркылуу болуп жатат деген. Мунун жообу эң жөнөкөй. Импорт тарабында миң адам иштесе ар бири 10 миң, 15 миң доллардан акча которуу кымбат да болот, убакытты да алат. Ошондуктан булар кооперация болуп биригип, акчаны которууга аракет кылышат. Бул илгертен берки эле келе жаткан тажрыйба. Мындан тышкары, бизде валюталык көзөмөл жок, ошондуктан акча эркин жүгүртүлөт, муну туура деп эсептейм”, – деп белгиледи Азамат Сулайманов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь