Түркияда Европадан Жакынкы Чыгышка мыйзамсыз миңдеген мигранттарды чыгарып жаткан кылмыштуу топтун башчылары кармалды. Кылмышка байланыштуу 20 киши кармалып камакка алынган.
Кылмыш иштери Түркиянын 4 аймагында аткарылган. Иликтөө 1 жылга созулуп, Түркиянын полициясы бул – Европадагы кылмыштуу топ тармагыгынын эң ириси экенин айтышты. Уюшкан кылмыштуу топту түндүк Ирактыктар башкарып келишкен. Алар Италия,Грециянын жана Украинанын кылмыштуу топторунун аткезчилери менен тыгыз кызматташкан.
Аныкталган тармак Түркия аркылуу Ирак, Сирия жарандарын мыйзамсыз алып өтүү менен алектенишкен. Аталган операцияны алкагында 569 мыйзамсыз жүргөн мигранттар, аларды өлкөдөн алып өтүүдө колдонгон каражаттар: 6 авто унаа, 6 кайык, баңги жана компьютерлер кармалды.