Ашыкча салмагы бар укук коргоо кызматтагылар арыктоо лагерине айдалат

262

Таиланддын полиция кызматынын жетекчилигинин айтымында, укук коргоо кызматкерлеринин ишине ашыкча салмагы тоскоол болбош үчүн атайын багытталган программа иштелип чыккан. Алар салмактан арылып, денеси чымыр болуш максатта спорттук лагерге жөнөтүлүп, атайын ийримдерге катталып, окуулардан өтүшөт.

Панг Чонг лагеринде азыр 200дөн кем эмес полицейский бар. Алар спорт менен гана машыкпастан, велосипед тээп натыйжалуу жыйынтык алуу максатта катуу диетага отурушат. Долбоорго жооп берген сержант Чантарак, ашыкча салмагы бар полиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу абдан татаал болоорун айтат.

Андайлар жай кыймылдап, башкалардай шамдагай боло алышпайт. Кылмышкерлерди кармаш да оорго турат. Чантарак өтө толуп кеткен кызматкерлерди дароо иштен кетирбестен, алгач аларды арыктатып кайрадан катарга кошуу максатта иш алып бараарын айтат.Анын жеке тажрыйбасында ондогон адам 20 кг салмактан арылып, азыр алар өздөрүн жакшы сезип калышты.

Учурда Өзбекстанда да мындай ыкмага өтүү каралууда. Өлкөнүн президенти, ашыкча салмагы бар укук коргоо тармагындагы кызматкерлерди үч айдан алты айга чейин убакыт берип, ушул убакытта арыктабагандар иштен кетишин убада кылаарын айткан. Сиз да бул ыкманын Кыргызстанда болушун колдойт белеңиз?

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь