Аялдар чогулуп тоспойт! Кадыр түнгө карата 9 “болбойт”

297

Орозо айындагы касиеттүү түн делген Кадыр түн быйыл 31-майдан 1-июнга караган маалга туш келди.

Касиеттүү делген, сообу миң айга тете болгон бул түндү кантип туура өткөрүү керектигин баары эле биле бербейт. Ыйык түндө эмнелерге тыюу салынып, эмнелерге уруксат берилерин Sputnik агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу түшүндүрүп берди.

Көңүл ачуучу жайлардан тоспойт. Кадыр түндү үйдөн же мечитке барып тоскон оң.

Кадыр түндө ушак айтып, жаман сөз сүйлөшпөйт. Негизи бул түн миң айдан да артык деп айтылат. Эгерде Кадыр түнү эки ирет намаз окусаңыз, 83 жыл окуганга барабар болору айтылып келет.

Ичимдик ичкенге болбойт. Бул түнү адам тазаланып, жакшы тилектерди айтуу менен тосуусу зарыл.

Уктап калбайт. Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин, башкача айтканда, күн чыкканга чейин тосулат. Бирок таң атканча отурууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жок дегенде ооз жабарга чейин дуба кылып, эки рекет намаз окуп отуруу максатка ылайык болуп саналат.

Дүйнө сөзүн сүйлөшпөйт. Кадыр түндө периштелер жер бетине түшкөндүктөн, колдон келсе дүйнө сөзүн сүйлөшпөй тилек айтып, жакшы ниет коюу керек деп айтылат.

Сериал, тасма, көңүл ачуучу берүүлөрдү көрбөйт. Кадыр түндө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Кадыр түндү бекер өткөрүп жибербөө керек.

Шаан-шөкөт кылып ырдап-чоордоп өткөрбөйт. Кадыр түндү дос-тааныштардын баарын чогултуп алып, шаан-шөкөт кылып ырдап-бийлеп өткөрүүгө ислам дини жол бербейт. Андан көрө ошол эле жоро-жолдоштор менен ак дасторкон четинде баяндарды айтып отурса сообу көбүрөөк тиет.

Адамдын саны эсептелбейт. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Бирок эгер жакын туугандары же достору жок болуп жатса, жакынкы мечиттерге деле барганы жакшы. Анткени бул күнү бардык мечиттердин эшиги ачык.

Аялдар чогулуп тосконго болбойт. Кыз-келиндер чогулуп өткөргүсү келсе, мечитке барганы туура. Болбосо өз-өз үй-бүлөсү менен тоссо да сообу көбүрөөк тиет.

Булак: sputnik.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь