Аянтка аккаунтун жазып кеткен бейбаш ишке тартылмай болду

139

“Ала-Тоо” аянтына социалдык баракчадагы дарегин жазып кеткен бала “Тазалыктын” кызматкерлеринен кечирим сурап, алар менен бирге ишке тартылат.

Аталган ишканадан маалымдагандай, бейбаштык кылган баланы таап аны менен байланышкан. Ээнбаш өспүрүм кечирим сурап, иштөөгө макулдугун айткан.

Эске салсак, 29-майга караган түнү борбордук “Ала-Тоо” аянтына белгисиз бирөө чиймелеп өзүнүн аккаунтун жазган. Эртең менен “Тазалыкта” иштегендер аны жууп кетиришкен. Мэрия бул баланы издөөгө салган болчу.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь