“Балык педикюр” жасатам деп бутундагы манжалардан айрылган (сүрөт)

229

Бул окуя ден-соолугунузду сактап калат! Заманбап сулуулукка кам көрүүнүн дагы бир ыкмасы – бутту балыктардын жардамы менен тазалоо. Өзгөчө мындай кызматтын түрлөрүн эс алуу курортундагы сулуулук салондор сунушташат.

Кичинекей балыктардын жардамы менен буттун өлүп калган клеткаларын алдырууну каалагандар жыл санап өсүп келет. Бир караганда эч коркунучсуз көрүнгөнү менен балыктар чоң коркунучту жаратат. Ден-соолугуна зыян келип, жапа чеккендер да бар.

Таиландда эс алып жаткан 29 жаштагы австралиялык айым Виктория Картоуз үчүн балыктар менен бут тазалатуу ыкмасы орду толгус трагедия менен аяктаган. 2010-жылы Виктория Таиландга эс алууга барып, ал өлкөнүн эң атактуу “фиш- спа” аталган кызматын колдонгон. Дарыгерлер өзүн жаман сезип тез-тез дене табы көтөрүлүп жаткан бейтаптын оорусунун 1 жыл бою аныктай алышкан эмес.

2012-жылдын декабрында бутунун чон манжасында инфекция бар экени аныкталып, ампутация кылынган. Кийинчерээк 2016- жылы калган 4 манжасына инфекция тарап дарыгерлердин чечими менен ампутация кылынган .

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь