Жеке инвесторлордун жардамы менен Беловодскидеги №16 түзөтүү колониясында кирпич чыгарыла баштады. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Ушул жылдын апрель айынан бери 700 000 чийки кирпич чыгарылып, алардын 450 даанасы сатылган. Азыркы тапта бир күндө 40 миңге жакын кирпич жасалдууда. Даяр болгон кирпичтер 5,5 сомдон сатылат.
Кирпич заводдо түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан 120 адам иштеп жатат. Жаза аткаруу мекемеси алдыда жумушчулардын жана кирпич жасап чыгаруунун санын көбөйтүүнү пландап жаткан чагы.