Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк ооруканасын ачуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

193

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Аталган мыйзамга кол койгонун Президенттик Аппараттан кабарлашты.

Анда Кыргызстандын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркиядан билим алуусу да каралган.

МыйзамЖогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганын кабарлашы керек.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь