ВИДЕО: Альпака менен йогада машыгуу стресстен арылтат

110

Спорттук гимнастиканын йога түрүндө машыгууда альпакалар менен адамдын сүйлөшүүсү мүмкүнбү? Бул ыкманы Гераниянын батышындагы Виллих шаарчасынын тургундары колдонуп көрүшкөн.

Бекеровдордун үй-бүлөсү бир канча жылдан бери менчик фермасында кош туяктуу түштүк америкалык жандыктарды кармашат. Кол жаныбарлары кооз жана адамга жагымдуу болгондуктан, альпакалардын катышуусунда йога уюштурууну туура көрүшкөн. Көнүгүү жай мезгилинде 20 альпака жайылып жүргөн көк шиберде өтөт. Бул өзгөчө мектептин уюштуруучулары жоош жаныбарлардын чөйрөсүндө жүргөн адамдар стресстен арылып, маанайлары көтөрүлө турганын аныкташкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь