Жанар Акаев: “Бажыдагы аткезчиликтин артында өкмөттүн таасирдүү өкүлдөрү турушу мүмкүн”

354

“Азыркы Кыргыз өкмөтү аткезчиликке каршы күрөшүүгө жөндөмсүз экенин далилдеди” деген оюн бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бюджеттин киреше бөлүгү 6,5 миллиард сомго толбой калды. “Ушул учурда дарыгерлер “айлыгыбызды көтөргүлө” деп талап коё башташты. Ошондой эле таза суу, жол куруу, мектептерди оңдоо маселелерин биз, депутаттар, өкмөт менен чече албай жатабыз, анткени акча жок.

Ушундай шартта Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип жаткан күйүүчү майдын 25 пайызына азыр эч кандай салык төлөнбөй, аткезчилик жол менен келип жатат. Бюджетке 5,5 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй жатат. Аткезчилер көчөлөрдө бензинди цистерна менен ачык эле сата баштаган мезгилде жашап калдык. Кыргыз жергесинде ар бир 4-литр бензин аткезчилик жол менен келет экен. Өкмөт муну көрүп турат, бирок күрөшө албай жатканы аябай уят иш”, – деди Акаев.

Буга байланыштуу ал коңшу Тажикстандын тажрыйбасынан мисал келтирди. “Былтыр Тажикстан онлайн автоматташтыруу системин ишке киргизди эле, күйүүчү майдан түшкөн салыктын көлөмү 70 пайызга көбөйүптүр. Чоң компаниялардын бардыгы күйүүчү май ташыган салыктан кача албай калышты. Тажикстан жасаган ишти, биз жасай албай жатабыз. Алып келинген күйүүчү-майлоочу продуктуларга мамлекеттик маркировка коюу системин тез арада ишке ашырышыбыз керек. Ошондо автоматтык түрдө бардыгы көрүнүп, салык түшүп турмак. Өкмөт жаратмандык иш кылбаса дагы, жок дегенде аткезчиликке каршы күрөшсө жакшы болмок. Бажыдагы аткезчиликтин артында, балким, Каржы полициясынын, өкмөттүн таасирдүү өкүлдөрү өздөрү турат деп ойлоп калдым”, – деди депутат.

Булак: super.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь