Жумуртка ден- соолукка зыян. Мындай тыянакты АКШнын Түндүк- Батыш университетинин окумуштуулары чыгарышты. Изилдөөгө алынган 30 миң адамдын ден- соолугу текшерилип, жумуртканы көп жеген кишилердин жүрөк кан-тамыр оорулары менен жапа чегүү коркунучу жогору экендигин жана өлүмдү эрте чакырган себептерин аныкташкан.
Изилдөөнүн автору Норрина Аллен күнүгө бирден көп жумуртка жегендердин жүрөк оорусунан. Ушул эле окумуштуулар кызыл эт жана майлуу сүт азыктарын изилдеп, аталган азыктардын баарында холестериндин чоң өлчөмдө чалдыгууга тобокелчилик жогору экендигин айтка бар экенин айтышты.
Ар бир жумуртка адам организминде 16% жүрөк кан-тамыр ооруларынын кездешүүгө чакыраары аныкталган. Изилдөө негизинен жумурткага багытталган. Себеби, дүйнө жүзүндө бул азыкты колдонуу биринчи орунда турат. Аллен, адамзатка жумуртканы тиешелүү өлчөмдө гана колдонуп, күн сайын жегендерге каршы.
Жумуртканын агынан, сарысы зыяндуураак экенин айтат. Бир нече жумуртка жесеңер 1 гана жумуртканын сарысы жетиштүү болот. Орто эсеп менен бир америкалык жаран бир жылда 280 жумуртка жейт. А сизчи?