«Кыргыз темир жолунда» миллиондогон каржылык мыйзам бузуу аныкталды

165

Эсеп палатасы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын 2016-2017-жылдардагы иши боюнча аудит жүргүзүп, ишканада 12 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Каржылык мыйзам бузуу фактылары компаниядагы курулуш иштеринде, ижара акысын мамлекеттик казынага которуу, салык төлөө жана Социалдык фондго акча төлөө, жумушчулардын айлык маселеси ж.б. иштерде аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгында «Кыргыз темир жолу» ишканасына кемчиликтерди жана каталарды жоюу жөнүндө сунуш берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь