Австралиялык атактуу ашпозчу Монти Колудрович күрүчтү туура бышыруунун купуя сырын ачты. Монти бул азыкты бышыргандар жабышып, суусу чыгып же казандын түбүнө тартып бышып калды деп арыздангандар үчүн кеңеш айтууну чечти.

Ашпозчу, дандын чачырап жакшы бышуусуна өтө жөнөкөй жана баалуу ыкманы үйрөтөт. Күрүчтү жөн гана жагымсыз жытын же чаңын жууп кетирүү үчүн үч, төрт ирээт чайкап коюу жетишсиз экенин билдирди.

Колудрович идишке салынган күрүчтү жылуу сууда 30 жолу жууш керектигин айтат. Ооба, 30 жолу. 30 ирээт кайталап жууганда дандагы ашыкча крахмалды жууп кетирүүго мүмкүн болот. Крахмалдан арылган күрүч даамдуу жана жабышчаак болбойт. Андан сырткары, ден-соолукка пайдасы көп болуп, арыктоого жана ичеги ооруларын алдын алууга көмөктөшөт. А сиз күрүчтү бышыраарда канча ирээт жууйсуз?

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: