Көлдүн аркы өйүзүнө өтүүгө аракет кылган окуучу чөгүп каза болду

402

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучусу көлгө чөгүп каза болду. ӨКМ басма сөз кызматы кабарлагандай, 29-май күнү саат 17:40 чамасында Пристань-Прежевальск айылында 2004-жылы туулган А.Э. аттуу бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Чөгүп кеткен баланы издөөгө 9 куткаруучу тартылып, саат 19:57де анын жансыз денеси көлдүн жээгинен табылган.

Маалыматтарга ылайык, чөгүп каза болгон аймак – булуң сыяктуу жер. Окуучулар менен бирге барган бала көлдүн аркы өйүзүнө сүзүп өтүүгө аракет кылган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь