Назарбаевге “ардактуу сенатор” наамы ыйгарылды

247

Казакстан сенатынын депутаттары 30-майда өткөн жалпы жыйында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге “ардактуу сенатор” деген наам ыйгарышты. Жыйындын бардык катышуучулары демилгени бир добуштан колдошту.

Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев кызматка киришүү аземинде Назарбаевге “ардактуу сенатор” наамын ыйгарууну сунуштаган.

29-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаевге уюмдун ардактуу төрагасы деген наам ыйгарылганын жарыялаган.

Назарбаевге “Ардактуу сенатор” наамы Казакстан мамлекетинин түптөөчүсү, Конституцияны, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоочу, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык курсун аныктоочу катары ыйгарылганы белгиленген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь