Казакстанданы мурунку президенти Нурсултан Назарбаев Бишкекке жеке менчик мектеп куруп берет. Бул тууралуу ал Нур-Султанда Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.
Казакстандын мурдагы өлкө башчысы эки элдин биримдигин белгилеп өттү.
«Кыргыздарды менден мыкты билген казак жок», — деди ал.
Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго Нурсултан Назарбаев орденин ыйгарды. Кыргыз президенттинен сырткары, бул сыйлыкка Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенко татыды.