Окруман: Арам акчаны адалдоо максатында жасалып жатабы же…? РАИМ-МИЛЛИОНГО КАРШЫ ЧОҢ ОЮН…

241

Коомдо кызуу талкууга алынган Матраимовдордун окуясына байланыштуу Aidanbek Akmatovтөмөндөгүдөй пикирин фейсбук баракчасына жазды.

РАИМ-МИЛЛИОНГО КАРШЫ ЧОҢ ОЮН…

Раим-миллион боюнча жарыяланган компроматтык маалыматтар талкуу жаратып жатат. Анда шектүү жагдайлар арбын. Бирок да эң башкысы журналистке ким банктык маалыматтарды берди, кызыктар тарап кимдер деген суроо да кызуу коюлуп жатат.

Биздин оюбузча, Раим-миллион боюнча журналистке төрт булак маалымат бериши ыктымал.

  1. АША жана анын жан-жөкөрлөрү. Жээнбековдун шайлоо кампаниясында кимге канча каражат бөлүнгөнү тууралуу кассалык маалыматтарды сактап, анан Жээнбековго каршы компромат катары жарыялагандай эле, АША колундагы көптөгөн компраматтарды четинен чыгара башташы мүмкүн.
  2. УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев. Сегизбаев кызматына жараша банк, бажы жана башка акчалуу тармактардагы финансы агымдары боюнча маалымат кенен камсыздалып турган. Демек, анын колунда олуттуу компроматтык маалыматтар бар.
  3.  Финансылык полиция
  4. Чет өлкөлүк атайын кызматтар

Ал эми пакеттерде таңгактап акча ташуу Кыргызстанда “Челнок” коммерциясы башталгандан бери жүрүп келаткан нерсе. Муну менен Кыргызстандагы Кытай, Түркиядан жүк ташыган бардык эле компаниялар шугулданат.

Банктар аркылуу эмес, накталай акча ташуу өзбк коммерсанттары арасында да абдан көп кездешет. Андан биздин бандиттер да пайдаланып, Ошто бир нече жолу өзбек коммерсанттарына таандык миллиондорду карактап кетишкени белгилүү.

Мындай нерсе Кыргызстанда биринчи жолу 2003-жылы Бишкек-Торугарт жолунда болгон. Анда бандиттер 21 коммерсантты өлтүрүп, акчаларын алып, автобусту сөөктөр менен кошо өрттөп жиберишкен. Автобустагы коммерсанттардын колунда ири суммада накталай акча болгон. Бандиттер миллиондогон долларды тоноп кетишкен…

Кыргызстандагы айрым коммерциялык банктар арам акчаларды адалдоо жагына өтүп алганы Бакиев доорунда даңаза болгон. Атамбаев учурунда өрчүгөнү көрүнүп турат.

Бирок ишкерлер деле жаңы товар алуу үчүн банктар аркылуу чет өлкөлөргө акча которушат… Ошондуктан которуулар арам акчаны адалдоо максатында жасалып жатабы же кадимки эле ишкерлер жүргүзгөн финансылык операциябы? Муну адистер аныктоого тийиш…

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь