Бүгүн, 30-майда Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу С.А. бычакталды. Ал алган жаратынан улам Ош облустук балдар ооруканасында каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жашка улуу Д.у Н. кармалды. Алдын-ала маалыматтарга таянсак, балдар мектептен чыгып келе жатып, мектептен алыс эмес жайда жайгашкан дүкөн алдында өз ара айтышып кеткен.
Натыйжада шектүү 2004-жылы туулган маркумду учтуу нерсе менен сайып жиберген. Учурда иликтөө башталды.