Сүрөт: Бейбаштар сейил бактагы чырактарды талкалап кетишти

249
Бишкектин сейил багындагы чырактарды белгисиз бейбаштар талкалап кетишкен. Шаардык мэриядан билдиргендей, бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес. Вандализмдин айынан көчөдөгү чырактардын сынып-талкаланган учуру көп катталат.
Айни-Чапаев көчөлөрүнө жакын жердеги эс алуу жайына “Бишкек свет” муниципалдык ишканасы тарабынан кайра 65 лампа, 12 шар формасындагы чырактар орнотулду.
Шаардык башкармалык шаардын тургундарын муниципалдык буюм, мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырып, аны орнотууга адамдын эмгеги, шаардык бюджеттен каражат коротуларын эскертти. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь