Өзбекстан 156 жаранын Сириядан кайтарып келди

155

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактан 156 өзбек жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

30-май күнү алар атайын аба каттамы менен Ташкентке жеткирилди. Алардын дээрлик баары жаш балдар жана аялдар. Кайтарылган 148 аял ИГИЛдеги согушкерлердин аялдары. Мындан тышкары дагы көптөгөн үй-бүлө согуш болгон аймакта жүрүшөт.

Кайтып келгендерге бийлик бардык шарттарды түзүп, аларга медициналык, психикалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүшөт. Алардын жашоосун кадимки калыпка келтирүү үчүн турак-жай жана жумуш менен камсыздап, билим берүүнү жеткиликтүү кылышат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь