Абылгазиев Матраимовдордун мүлкү боюнча 3 ведомствого тапшырма берди

101

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасында айтылган маалыматтар менен таанышып чыкты.

Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып айтты:

” Улуттук банкка, Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) тапшырма бердик. Алар эми тастыктап чыгат. Мындан үч күн мурда мен Финполго президентибиздин мурдагы тапшырмасы боюнча Матраимовдордун мүлкүн тастыктоону тездетүү тапшырмасын бергем,” – деди.

Кошумчалай кетсек, 29-май күнү журналист Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу репортаж даярдап, 2011-2017-жылдар аралыгында 700 миллион долларды сыртка чыгарып кетишкенин айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь