Алмазбек Атамбаевдин убагында Кубанычбек Кулматов бажы кызматына жетекчи болуп келгенде, бажыдан түшкөн төлөмдү көбөйттү деген маалыматына 2016-2017- жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп турган Азамат Сулайманов кошулбай тургандыгын Элдик Медиага билдирди.
Сулаймановдун айтымында, Кулматов бажыга жетекчи болуп келген кезде өкмөт тарабынан бажынын ички мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык бажы төлөмдөрү да жогорулаган. Мына ошол себептен Кулматовдун убагында төлөмдөр жогорулаган. Бул жерде эч кандай адам факторун аралаштырууга болбойт. Системага жараша бажынын ички тартибине ылайык кызмат аткарыла берет. Ал эми бажыда кандай жетекчи келсе, ага жараша иш аткарылыт дегенге таптакыр кошулбайт.