Батукаевдин ишине байланыштуу Нарын облусунун прокуроруна өлкөдөн чыкпоо чечими кабыл алынды

244

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна боюнча кайрадан жанданган кылмыш иштин алкагында Нарын облусунун прокурору Майрамбек Акматалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Аталган мекеменин басма-сөз катчысы ысы Асель Равшанбекова билдиргенине караганда, соттук отурум 29-майда өтүп, прокурорго 26-июнга чейин өлкөдөн чыкпоо чечими кабыл алынган.

Буга чейин жегиликтүү айрым маалымат булактары Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Нарын облусунун прокурору кармалганын жазышкан. Анда  Акматалиев 2013-жылы Батукаев бошотулган учурда атайын прокурор болуп турганы айтылган.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана 5 дарыгер кармалып, алардын экөө камакка алынган.

Алардын ичинен Динара Сагынбаева жана 3 дарыгер үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь