Дүйнөдө бирөөгө жини катуу келген айымдан коркунучтуу эч нерсе жок деп жазат News18 басылмасы. Бул окуяда кытайлык Фурия аттуу айым өзүнүн сүйүктүүсүн 52 жолу жаакка чапкан. Таң калыштуу окуя 20- май күнү кытайда расмий эмес өтүп туруучу “Сүйүшкөндөр күнүндө” болгон.

Белгилүү болгондой бул күнү жаш селкиге жигити жаңы смартфон белек кылууну убада кылган болчу. Бирок, ал тилеги орундалбай калган кыз көпчүлүктүн сынына жана жарданып карап турган эл, аны видеого туш тараптан тартып жатканына карабастан жигитти жаакка бир канча ирээт чапкан.

Дачжоу шаарынын полициясы, эки жашты убактылуу кармоочу жайга алып кетүүнү көздөп келгенде, жаш жигит анын дос кызы полиция бөлүмүнөн да маселе жаратаарын айтып, кызды алып кетүүсүнө бөгөт болгон. Полиция кызматкерлери видеого түшүп калган чырды иликтеп жатып жигит жаакка 52 жолу жегенин аныкташкан. Кыз жигитти каржы жаатында узак убакыт камсыздап келген. Майрам күнү уюлдук телефон алып берип ыраазычылык билдирет деген ою ишке ашпай калган айым жинин жигитинин жаагынан чыгарган. Туура эмес кылганын мойнуна алган жигит, кыздын болгон жинин чыгарып алуусуна мүмкүнчүлүк берген. Бирок, кийинчерээк сүйүшкөндөр экинчи мындай чыр чатак чыгарып эл алдында шылдың болбойбуз деп убада кылышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: