Жалал-Абаддагы банкты тоноого кирген шектүү кармалып, ага карата дагы эки кылмыш иши козголду

244

25-май күнү Жалал-Абаддагы «Компаньон Банкы» ЖАКтын сактык кассасына кол салуу болуп, анда бет капчан киши тапанча менен ичиндегилерди коркуткан. Бирок эч нерсе ала албай, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул окуядан эч ким жабыр тарткан эмес.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерге тергѳѳ ыкчам тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, Каракчылык беренеси менен сотко чейинки ѳндүрүш иши ѳндүрүшкѳ алынган. Жүргүзүлгѳн ыкчам иликтѳѳ иштеринин  натыйжасында,  шектүү катары  Сузак районунун тургуну 1973-ж.т. Р.Т. кармалган. Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөндө 1 даана кара түстѳгү “BLOW” үлгүсүндѳгү 9-мм ок атуучу курал (тапанча), 1 даана магазини жана 3 даана огу  менен табылган.

Учурда шектүүнүн үстүнѳн Борбордук Азиядагы мыйзамсыз диний экстремисттик агымдар, террористик  уюмдар менен байланышы болуп, кылмышка алардын кѳрсѳтмѳсү менен барган деген  божомол менен да текшерүү-иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Себеби ѳзүнүн уктоочу бѳлмѳсүнѳн  диний экстремисттик уюмуна таандык болушу мүмкүн делип шектелген китептер табылган. Мындан сырткары плешетинин телеграмм-месенжер группасында  ушул багыттагы бир топ жазуулар аныкталган. Шектүүнүн телефонунда экстремисттик кыймылдын телеграмм-мессенжер группаларына ѳзүн “подписчик” катары катталганы аныкталган.

Аталган факты боюнча да топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБнин КЖБРне катталып  Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен сотко чейинки ѳндүрүш иши  ачылып, тергѳѳ иштери башталды.

Кармалган атуул 1953-ж.т. апасы менен жашай турганы такталды. Үй-бүлѳсү менен ажырашкан, азыркы күндѳ эч жерде иштебейт. Мурда Ысык-Кѳл областында 2015-жылы  КРнын КЖКнын 166-беренеси (Алдамчылык) менен жоопко тартылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь