ЖАМКнын кызматкери мас абалында трактористти коркуткандыгы үчүн иштен кетти

191

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери Азиз Кожокматов ээлеген кызматынан бошотулду. Себеби, буга чейин  “ЖАМКнын кызматкери мас абалында айдоочуну коркутуп жатат” деген видеоролик тараган. Ага байланыштуу ички иликтөө жүргүзүлүп, № 27 түзөтүү абагынын  жетекчисинин атайын контингент менен тарбия иштери боюнча орун басары, майор Азиз Кожокматовдун күнөөсү аныкталды.

Өзүнүн жана кылмыш аткаруу системасынын кызматкерлеринин наамын булгагандыгына байланыштуу Кожокматов иштен бошотулду. Ошондой эле бул тармактан четтетилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь