Жумушка кыска юбка кийип келген кызматкерлерге сый акы төлөнөт

200

Россиялык компания кызматкерлерине кыска юбка кийип келгендиги үчүн 100 рубль төлөйт. kratko-news.com басылмасы жазгандай, компания ишке кыска юбка же көйнөк кийип келгендиги үчүн аял кызматкерлерге сый акы төлөөнү чечкен. Бул чечим коомдо дароо сынга кабылып, “аялдарга карата эң жаман” мамиле катары сыпатташкан.

Алюминий иштеткен Татпроф компаниясы 30-июнда «аялдык сапаттар боюнча марафон» уюштурган. Анын талаптарына ылайык тизесинен 5 сантиметр өйдө кыска юбка жана көйнөк кийген кыз-келиндер ар бир жумушчу күнүндө 100 рублдан алышат. Бонус алуу үчүн кызматкерлер мындай кийимчен сүрөттөрүн компанияга жөнөтүшү керек.

2014-жылы Сочидеги кышкы олимпиадалык оюндарды жана 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаттыгын алып келген компания сексизм боюнча айыптоолорду четке какты.

“Биздин максат – биздин жумушчу күндү жакшы өткөрүү”,- деп жооп берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь