– Канатбек мырза, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуусун иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон элеңиз. Сиздердин комиссия бул чуулгандуу иш боюнча кандай факты, чындыктарды аныктаган? Депутаттык комиссиянын ишмердиги кандай жүргөндүгүн айтып берсеңиз.
– Бизге баарынан Батукаевди чыгарып жиберүүгө катышы бар мамлекеттик органдардын баары кыска мөөнөттө бул ишти карап чыгууга үлгүрүшкөндүгү кызык болгон. Окуянын тездик менен орун алганына көптөгөн инвесторлор да бир чети таң калышса, бир чети суктанышкан. Себеби, бизде миллиндогон суммаларды салып, инвестиция кылууну каалаган чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстандагы коррупция, бюрократия деген нерселерге туш болушуп, иштерин ыкчам бүткөрө албай кыйналып кетишет. Анан эле Батукаевдин иши өтө тездик менен бүтүп атпайбы. Бизди эң ириде бул иштин артында ким тургандыгы кызыктырган. Комиссия тарабынан көп иштер жасалды, бир катар кызыктуу фактылар аныкталды. Бирок тилекке каршы, комиссиянын иши логикалык жактан жыйынтыкталган жок. Анткени, Атамбаевдин башкаруусу ага мүмкүнчүлүк бербеди. Чечимдерди кабыл алышкан жооптуу кызмат адамдары көрсөтмөлөрдү беришкен жок. Азыр кырдаал өзгөрдү, эми Батукаевдин иши боюнча бардык чындыктар ачыкка чыгат деп ойлойм.
– Учурда Батукаевден ыкчам түрдө анализ алышып, аны “оорулуу, өлөрүнө аз калды”- деп бүтүм чыгарышкан дарыгерлер камакка алынышты. Ошо кездеги Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды. Шамиль Атаханов да аз күн мурда камакка алынды. Батукаевдин бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө “салым” кошкон башка чиновниктерге да кылмыш иштерин козгоо аракеттери болууда. Бул иште күнөөсү бар башка чиновниктердин аты-жөндөрүн айта аласызбы?
– Батукаевди бошотуу боюнча чечим чыгарган сот, аны бошотууну суранган прокурор, атайын даярдыгы бар жоокерлер менен аэропортко чейин узаткан ЖАМКнын жетекчилиги, УКМКнын уюшкан қылмыштуу топторго каршы иш алып барган жооптуу кызматкерлери… Булардын баары керектүү маалыматтарды бериши керек. А чындыгында биздин абактарда коркунучтуу, айыкпас дарттарга чалдыккан жаза өтөөчүлөр көп. Алар мамлекеттик органдарга кайрылганда, алардын иштерин кароо жылдарга созулуп кетет. Кыргызстандын сот системасында акыйкаттуулукка жетишүү мүмкүн эместигин кыргызстандыктардын баары билет. Ал эми кыска мөөнөттүн ичинде акыйкаттуулукту камсыз кылуу түшкө да кирбеген нерсе. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, ЖАМКнын жетекчисинен: “эмне үчүн Батукаевди аэропортко чейин коштоп бардыңар?”- деп сураса, ал: “…биз анын өмүрүнөн корктук, жолдо баратканда ага кол салуу болсо, биз жооп бермекпиз”- деп жооп берип атат. ЖАМК абактан сырттагы адамга, эркиндикке чыккан адам үчүн таптакыр жооп бербейт. Алар жаза мөөнөтүн өтөөчү жайлардагы контингент үчүн гана жооптуу. Эгерде ал жаза мөөнөтүн өтөп аткан адамды бир абактан башка абакка которуу чечими болсо, анда ЖАМК системасынын кызматкерлери кайтарышып, анын өмүрү үчүн жооптуу болушат. Абактан эркиндикке чыккан адам менен иши болбошу керек. Ал өзү жеке күзөт кызматын жалдап алсын, ИИМге кайрылсын, анткени, ИИМ коомдук тартипке жооп берет. Бирок ЖАМКнын эркиндиктеги адамды кайтарууга алуусу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Бул эмнеден кабар берет? Мамлекеттик түзүмдөрдүн баары Батукаевдин аман-эсен өлкөдөн чыгып кетишине кызыкдар болгонун гана билдирет.
– Демек, сиздин айткандарыңызга таянсак, мунун баары алдын-ала пландалып, ойлонулуп, атайын даярдалган сценарий менен ишке ашырылган экен да…
– ЖАМК жетекчисинин кеңешчиси Батукаев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Нарындагы абакка бир канча жолу барган. Батукаевге коюлгандай диагноз менен башка абактардагы жаза өтөөчүлөр да оорушуп, ЖАМКга расмий кайрылышкан, бирок алардын бирине да ЖАМКдан эч ким барган эмес. Бирок негедир Батукаевге мурдагы Акыйкатчы, кеңешчи, башка органдардын өкүлдөрү бат-баттан барып, кабар алып турушкан. Атүгүл паспортун да ыкчам түрдө жасап беришкен. Абакта жаткан адам эмес, эркиндикте жүргөн адам паспортту 2-3 күндө араң ала алат. Мунун баары алдын-ала пландалганын, өлкө жетекчиси тарабынан саясий чечим кабыл алынганын далилдейт. Мамлекет башчысы саясий чечим кабыл алган деп бардык жоопкерчилик менен расмий түрдө айтам. Кээ бирлер “Атаханов, Рысалиев чечим кабыл алган”- деп атышат. Бул болбогон кептер. Атаханов ал убакта күч түзүмдөрүн тескеп турган, ал эч качан Саламаттыкты сактоо системасына, прокурорлорго, сотторго таасир кыла албайт болчу. Рысалиевдин бийлиги ЖАМК системасына гана болгон. Анан кайдан чечим кабыл алышмак эле? Бул жагдай мамлекет башчысы тарабынан саясий чечим кабыл алынганын дагы бир жолу ырастайт. Кыргызстанда жогорудагы мамлекеттик органдардын баарына таасир этип, аларды кыймылдаткан президенттиктен башка кызмат орун жок. Жада калса премьер-министр да сот, прокуратура системасына таасир кыла албайт. Логикалык жактан алып карай турган болсок, президент аркылуу гана элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген бул “операцияны” бетпактык менен ишке ашыра алышмак.
– Сиздин оюңузча, дагы кимдер камакка алынышы ыктымал?
– Ал жакта болуп келген адам катары эч кимдин акыйкатсыз түрдө камакка алынуусун каалабайм. Бирок бүгүнкү бийликте Батукаевдин иши боюнча чындыкка жетип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга каалоо да, эрк да бар. Батукаевдин аман-эсен, куландан соо болуп жашап жүргөнүн баарыбыз көрүп жатабыз. Мындай болорунан эч кимибизде күмөн жок болчу, муну комиссия да айткан. Бетпактык менен ишке ашырылып, өлкөнүн аброюна болуп көрбөгөндөй доо кетирген “операциянын” катышуучулары, анын башында тургандар мыйзам чегинде жазага тартылышы зарыл. Бул кийинки бийликке келчүлөр үчүн сабак болсун, акыйкаттык эртеби, кечпи салтанат курарын кыргыз эли билсин, ага ынансын.
– Сиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу эң жогорку бийлик тарабынан кабыл алынган саясий чечим болгонун айттыңыз. Буга дейре буп “операция” акчанын күчү менен ишке ашырылганы айтылып, жазылып келди. Чын эле акча роль ойногонбу?
– Бул азырынча имиш, ушактардын деңгээлинде айтылып келатат. Биз конкретгүү фактыларды таба алган жокпуз. Бирок менимче, акча кандайдыр бир деңгээлде ролду ойноду. Кайталап кетейин, маселенин баары акчага барып такалган учурда да өлкө башчысынын макулдугусуз мындай маселелер эч качан чечилмек эмес. Бир мисал келтире кетейин, ушул чечимди кабыл алган сот кайрадан соттук кызматка келүү үчүн арызын берип, депутаттар бул боюнча президентке кайрылып, аталган соттун Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуусуна катышы бар экенин айтканыбызда, Атамбаев депутаттардын кайрылуусун четке кагып, берген маалыматты угуп да койбостон сотту кайрадан рангасы жогору соттук кызматка дайындаган. Муну менен Атамбаев депутаттарды эле эмес, жалпы кыргыз элин мазактаган, шылдыңдаган.
– Сиз комиссиянын мүчөсү катары Батукаев мыйзамсыз бошотулуп, мыйзам бузуулар орун алган деген бүтүмгө колуңузду койдуңуз беле?
– Ооба, колумду коюп бергем, ал гана эмес, комиссиянын бүтүмү андан да катуу болушун жактагам. Комиссиянын отурумдарынын баары видеого тартылган. Анда мен УКМКнын ошондогу жетекчисине бир катар жагымсыз суроолорду бергем. Тагыраагы, “силер каякты карап отурдуңар?”- деген суроо берсем, УКМКнын жетекчиси бул кылмыштуу ишке эч кандай тиешелери жоктугун айткан. Мен аталган органдын түзүмүн билген адам катары айтсам, УКМКнын уюшкан кылмыштуу топторду көзөмөлдөгөн бөлүмү бар. Ал каратып туруп калп айтып, жооп берген. Ал бир саамга унчукпай туруп калган, анан дароо президентке барыптыр. Анан президент мени чакырып, экөөбүздүн ортобузда катуу сүйлөшүү болгон. Менде ошондо бул “операциянын” артында Атамбаев турганынан эч кандай күмөнүм калган эмес. Анткени, бул иште кызыкчылыгы бар экенин Атамбаев ачык эле көрсөткөн.
– Кайрадан ачылган кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болот деп ойлойсуз? Күнөөсү барлар тиешелүү жазаларын алышабы?
– Эң ириде акыйкаттуулук орун алат деп ишенем. Бардык күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазаларын алышы кажет. Бул элдин, бүгүнкү кырдаалдын талабы. Себеби, Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгына түп тамырынан каршы келген кылмыш иши жасалган.
Автандил Белеков
Булак: «Майдан»
It’s actually a nice and useful piece of information. I’m satisfied that you simply shared this helpful information with
us. Please stay us up to date like this. Thanks for sharing.
my blog; hosting services
This blog was… how do you say it? Relevant!! Finally I have found something which helped me.
Thanks!
Also visit my site … website host
It’s amazing to pay a quick visit this web hosting company page and
reading the views of all colleagues regarding this post,
while I am also keen of getting know-how.
I do not even know how I ended up here, but I thought
this post was great. I do not know who you are but
certainly you’re going to a famous blogger if you aren’t already ;
) Cheers! y2yxvvfw cheap flights
It’s impressive that you are getting thoughts from this
article as well as from our dialogue made at this time.
My blog post: cheap flights
I do accept as true with all the concepts you have offered to your post.
They’re really convincing and will definitely work. Still,
the posts are very short for newbies. May just you please lengthen them
a bit from next time? Thank you for the post.
Also visit my website cheap flights
I visited many blogs but the audio feature for audio songs
current at this site is in fact marvelous.
my website; website hosting