Линда Макфадден экинчи баласы ичимдиктин таасириннен өмүрү менен кош айтышып кала жаздаганын Bebe Mamaе басылмасына жарыялаган. Линда кош бойлуу боло электен мурда эле 6 жыл аракечтиктен жапа чегип келген.Ал үйүнө бөтөлкөлөрдү катып, ичимдикке болгон көз карандылыгын жолдошунан жашырып жүргөн. Анын ичкиликке болгон кызыгуусу 15 жашында башталат. Алгач достору менен чогулгандагы бир, эки бөтөлкө сырадан башталган. «Мен абдан тартынчаак элем. Ичимдик ичкенде өзүмдү бактылуу жана өзүнө ишенген адам катары сезип калчумун” – деп эскерет азыркы 53 жаштагы Линда. 1989- жылы Линда Девид аттуу сүйүктүүсүнө турмушка чыгып. Кыздуу болушкан. Кош бойлуу кезинде да лимонаддын ордуна спирт ичимдигин талап кылган организмине Линда таң калган эмес. Кызы Сара туулганда эле тамактануудан баш тартып, чонойуунун ордуна салмак кошулбай, арыктап кете берген. Дарыгерлер түтүкчө менен тамактандырып, энесине ичимдик синдрому аныктамасын коюшкан. Экинчи ымыркайын төрөгөндө, бала 50% жашоого гана мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышат.
Ал 1 кг аз салмакта болгон. “ Биринчи кызымдын ден- соолугу начар болуп туулушуна өзүмдү күнөөлү деп сезбеген үчүн ичкиликти уланта бергем” “Экинчи кызы Клэр, курбуларына караганда акыл- эси жана сүйлөөсү кечеңдеп калган”, — дейт Линда. — Ага, сен менин ичкилигимдин айынан жапа чегип калдың айтуу мен үчүн дүйнөдөгү эң оор сыноо болду,- деп эскерет. «Кызым ар дайым жанымда. Бирок аны оор абалда чоңоюп жатканын көрүп, ага мен күнөлүү экенимди сезгеним мен үчүн кордук » Учурда 53 жаштагы Линда. Дарыланган. Ичимдикке көз каранды эмес. Ал жаш энелерге өзүнүн башынан өткөргөн оор сыноо кайталабашын каалайт.