Ош облусунун Араван районундагы Кыргыз-Өзбек чек арасында Өзбекстандын жаранына ок тийди. Бул тууралуу маалыматты Чек ара кызматынын басма- сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак жеринде орун алып, курал колдонулган чыр-чатак чыккан.
“Кыргыз чек ара кезмети чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын байкаган. Ал автоунаалар чек ара кезмети тарабынан токтотуу талабына көңүл бурбай койгондо, Кыргыз чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Эскертүүгө карабай, автоунаалар андан ары жолун улап бара жатканда чек ара кезмети автоунаанын дөңгөлөгүнө карай ок чыгарууга аргасыз болгон. Натыйжада, Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.
Бул окуя боюнча тез аранын ичинде Кыргыздын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-чек ара аскерлеринин колбашчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн учурунда биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жаңжал чыккан жерге чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечими кабыл алынган.
Азыркы учурда аталган жагдайды тактоо максатында Ош облусу боюнча чек ара өкүлүнүн Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу жүрүп жатат.