Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары менен дагы бир кызматкерин кармады. Алар курал сатууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК билдиргендей, алар 30-май күнү колго түшүрүлгөн.

Окуя Токмок шаарында болгон. 12 калибрдеги кесилген мылтык жана ок-дарылар, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук ИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй облусунун ИИББнин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. кармалган.

Кармоо учурунда К.К өзүнүн ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүү аракетин кылып, жыйынтыгында аны кармап жаткан топтун автоунааларынын бири менен сүзүшкөн.Аныкталган боюнча, кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. болгон.

Алынган маалыматтарга караганда, алар курал сатууга аракет кылып жатышкан. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: